Бишкектин тургундары айыл-чарба азыктарын арзан сатып ала алышат

Жазылуу
Жарманкеде ата мекенчи өндүрүшчүлөр, дыйкандар тарабынан бал, жашылча-жемиш жана эт-сүт азыктары тартууланат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ушул дем алышта жарандар үчүн ата мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан даярдалган азык-түлүктөрдүн, жер-жемиштердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун дыйкандары, фермерлери жашылча-жемиштерин, бал, сүт жана эт азыктарын сатып алуучуларга түздөн-түз сунуштайт.

Жарманке төмөнкү даректерде өткөрүлөт.

  • Ленин району боюнча "Жал" кичирайонунда Тыналиев көчөсүндө;
  • Октябрь району боюнча Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Асанбай" кичи-базарында;
  • Свердлов районунун тургундары үчүн Ауэзов менен Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Биринчи Май районунда Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов жана Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды жарманкеден экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн арзан сатып алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0