Муфтийдин орун басары Москвада өткөн дүйнөлүк форумга катышты

© Фото / пресс-служба ДУМККыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов Москва шаарында өтүп жаткан "Ислам биримдиги, мусулмандар биримдиги — диалог негизинде" аттуу дүйнөлүк форумда
Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов Москва шаарында өтүп жаткан Ислам биримдиги, мусулмандар биримдиги — диалог негизинде аттуу дүйнөлүк форумда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумга Улуу Британия, Ливан, Ирак, Индия, Казакстан, Монголия сыяктуу ондон ашуу мамлекеттен келген өкүлдөр, дин аалымдары чакырылган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов Москва шаарында өтүп жаткан "Ислам биримдиги, мусулмандар биримдиги — диалог негизинде" аттуу дүйнөлүк форумга катышты. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Коран - Sputnik Кыргызстан
Ноябрь айында өлкө боюнча Куран жарышы өтөт
Маалыматка ылайык, иш-чарага Улуу Британия, Ливан, Ирак, Индия, Казакстан, Монголия сыяктуу ондон ашуу мамлекеттен келген өкүлдөр, дин аалымдары чакырылган. 

Форумдун алкагында "Философия жана теология диалогу", "Куран — биримдик үчүн негиз", "Логиканын өнүгүшү, ислам ойлору, интеграция жана плюрализм”, Ихсан (мыктылыкка аракет кылуу) — исламдын жүрөгү" аттуу төрт маселе каралды.

Форум эки күнгө созулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0