Кара-Сууда "Тазалыктын" кызматкери менен мушташкан салыкчы иштен алынды

Жазылуу
Бул окуядан улам салык кызматынын өкүлү жоопко тартыла турганын Мамлекеттик салык кызматы кабарлаган болчу.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунда "Тазалык" ишканасынын өкүлү менен мушташкан салыкчы мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Эске салсак, 5-октябрга караган түнү Кара-Суу районундагы "Кара-Суу" базарынын аймагында "Тазалыктын" кызматкери менен салыкчы мушташып, экөө тең бири-биринин үстүнөн арыз жазган. Бул окуядан улам салык кызматынын өкүлү жоопко тартыла турганын Мамлекеттик салык кызматы кабарлаган болчу.

"Мындай чечим этика боюнча комиссиянын отурумунун жана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды", — деп жазылат маалыматта.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, кызматкердин мындай жүрүм-туруму мамлекеттик органдын аброюна таасирин тийгизип, мамлекеттик кызматкердин этикасынын ченемдерин одоно түрдө бузат. Буга байланыштуу, мушташтын катышуучулары элдешип алганына карабастан, салыкчы иштеген ишинен айдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0