Бишкекте окумуштуу Зияш Бектенов эскерилет

Жазылуу
Зияш Бектенов кыргыз тили жана адабияты боюнча биринчи окуу китептердин автору болгон.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада окумуштуу, манас изилдөөчү, тилчи жана фольклорчу Зияш Бектеновдун 105 жылдыгына карата эскерүү өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди. 

Иш-чара Токтогул Сатылгановдун музейинде болот. 

Комузчу Нурак Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Күүнүн атасы Нурак Абдырахманов бүгүн 69 жашка чыкмак…
Зияш Бектенов — кыргыз тили жана адабияты боюнча биринчи окуу китептердин автору. 

Эскерүү иш-чарасына анын шакирттери, жакындары, урпактары, журналисттер катышат.

Манас изилдөөчү, тилчи жана фольклорчу Зияш Бектенов 1911-жылы Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Ал атактуу окумуштуу жана манас таануучу Ташым Байжиев менен биргеликте 3-4-класстар үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу китептерин жазган. Максим Горькийдин, Николай Гоголдун, Денис Фонвизиндин чыгармаларын кыргызчага которгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0