Оңдоо иштеринен улам Элебаев көчөсү жабылат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо белгиси. Архив
Жол оңдоо белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реконструкциялоо иши ноябрдын аягына чейин жүрмөкчү.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Оңдоо иштеринен улам Бишкектин Элебаев көчөсү жабыла турганын мэрия билдирди.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын маалыматы боюнча аталган көчөнүн Горький көчөсүнөн баштап Скрябинге чейинки тилкесинде ремонт иштери жүрөт.

"Жол тилкеси оңдолуп, тротуарлар төшөлөт. Мындан тышкары, ирригация системасы жакшыртылып, көчөнү жарыктандыруу толугу менен калыбына келтирилет. Оңдолуп жаткан аймактын узундугу 316,7 метр, туурасы 6 метрди түзөт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Реконструкциялоо иши ноябрдын аягына чейин уланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0