Салык төлөбөгөн миңден ашуун автоунаа ээлери айыпка тартылды

Жазылуу
Эрежеге ылайык, 1-сентябрга чейин салык төлөгөнгө жетишпей калса, негизги суммадан тышкары дагы 2 миң сом айып пул төлөп, ар бир күн үчүн туум кошулуп турат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бир ай ичинде автоунаа салыгын төлөбөгөн темир тулпарлардын ээсине 3,8 миллион сом айып пул салынды. Бул туурасында Мамлекеттик салык инспекциясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сентябрдан тарта салыкчылар менен Кайгуул милициясы биргелешип 411 рейд өткөргөн.

"Бардыгы болуп 1092 айдоочуга 3,8 миллион сом айып пул салынып, анын ичинен 1,5 миллион сом бюджетке түштү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Салык кызматы тогуз ай ичинде автоунаа салыгынан 747,3 миллион сом түшкөнүн, бул өткөн жылга салыштырганда (2015-жылы — 689,3 млн.) арбын болгондугун билдирди.

"Кимде ким 1-сентябрга чейин автоунаа салыгын төлөгөнгө жетишпей калса, негизги суммадан тышкары дагы эки миң сом айып пул төлөп, ар бир күн үчүн туум кошулуп турат",— деп билдиришти салык кызматынан.

Аталган ведомстводон салык төлөнгөнүн тастыктаган атайын чаптамалар бекер бериле тургандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0