14:35 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Төө-Ашуудага тоннель. Архивдик сүрөт

ӨКМ: Төө-Ашуунун жолу улам тазаланып жатат, калган ашуулар ачык

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
112 0 0

ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова Ала-Бел, Долон ашуулары ачык экенин белгиледи.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы Төө-Ашууда жол тынымсыз тазаланып жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16.00дөн баштап аталган аймакка кар калың жаап, жол тоңголок болгондуктан, жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы Төө-Ашууда жол тынымсыз тазаланып жатканын ӨКМ билдирди.
    Автомобильный затор на трассе Бишкек — Ош
    © Фото / Нуразиз Шайырбек уулу
  • Кечээ саат 16.00дөн баштап аталган аймакка кар калың жаап, жол тоңголок болгондуктан, жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.
    Автомобильный затор на трассе Бишкек — Ош
    © Фото / Нуразиз Шайырбек уулу
  • ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова Ала-Бел, Долон ашуулары ачык экенин кошумчалады.
    Автомобильный затор на трассе Бишкек — Ош
    © Фото / Нуразиз Шайырбек уулу
1 / 3
© Фото / Нуразиз Шайырбек уулу
Автомобильный затор на трассе Бишкек — Ош

"Учурда Төө-Ашууда Жарандык коргонуу кызматтары иштеп, эки жүктөгүч, эки грейдер, эки HOWO, эки МАЗ жана 25 жумушчу тартылган. Тазалоо жана кум себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова Ала-Бел, Долон ашуулары ачык экенин кошумчалады.

Ал эми кечээ жол жүргөндөр кечинде жана түнкүсүн бир нече саатка созулган тыгында калгандыктарын айтышты. Алардын айтымында, тыгын жол кыймылы көзөмөлсүз калгандыктан жана ири унаалардын айынан жаралган.

Тема боюнча

Элмира Шерипова: айдоочулар алыскы жолго керектүү шаймандары менен чыгышы керек
ӨКМ: Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө коюлду
Белгилер:
ашуу, кар, жол, ӨКМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ