Бишкекте айыл чарба азыктарын экспорттоону өнүктүрүү боюнча семинар өтүүдө

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАгроцентр "Дружино" в Омской области
Агроцентр Дружино в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн азык-түлүктөрүн чет өлкөгө чыгаруу бүгүнкү күндүн талабы. Аталган көйгөйлөрдүн алкагында жана алгылыктуу кадамдарды жасоо боюнча адистер арасында эки күндүк семинар өтүүдө.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкекте Айыл чарба азыктарын экспорттоону өнүктүрүү боюнча семинар өтүүдө. Бул тууралуу ФАОнун (БУУнун азык-түлүк жана тамак-аш программасы) башкы кеңсесинин соода базар бөлүмүнүн экономисти Екатерина Кривонос билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага ФАОнун, эл аралык соода борборлорунун, Казакстан жана Украина өлкөлөрүнүн адистери келишти.

"Эки күндүк семинарда чет элдик адистерден кеп-кеңештери эске алынып, азык-түлүктөрдү экспорттоону өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер башталат. Эгер кыргызстандык ишкерлер тарабынан долбоорлор сунушталса, ФАО материалдык жактан колдоого даяр", — дейт Кривонос.

Экономист семинардын жүрүшүндө айтылган сын-пикирлерди айтып берди.

"Учурда айрым азыктарга санитардык жана фитосанитардык талаптар коюлуп, ЕАЭБге кирбей токтоп турат. Бул сыяктуу тоскоолдуктарды чечүү керек", — деп айтты ФАОнун өкүлү. 

Ошондой эле Кривонос иш-чаранын башкы максаты айыл чарба азыктарын экспорттоону өнүктүрүү планын ишке ашыруу үчүн улуттук, эл аралык эксперттердин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн арасында тажрыйба алмашуу экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0