"Сойкуларды калкалаган" милиционер экинчи кызматынан да четтетилди

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы, архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура чуулгандуу видеону жана милициянын иш-аракетин толугу менен иликтегиче милиция кызматкери өзүнүн жаңы кызматындагы иштерди аткаруудан убактылуу четтетилди.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Чуулгандуу видео менен коомдун эсинде калган милиция кызматкери Пардабай Намазбаев тергөө учурунда кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди. 

Проблема проституции во Франции - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "түнкү көпөлөктөрдүн" уюгу табылды
Буга чейин социалдык тармактарда №10 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы иш бөлмөсүндө өзүнүн карамагындагы кызматкерлерди сойкулардын бирин кармагандыгы үчүн урушуп жаткан видеосу чыгып кеткен. Бул коомдо катуу талкууга себепчи болгон. Борбордук милиция кызматтык тергөө жүргүзүп, видеороликтин башкы каарманы дисциплинардык тартипте жазаланган. Кийинчерээк ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы кайрадан кызматтык тергөө иштерин жүргүзүп, милиционер ээлеген кызмат ордунан алынган.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, Намазбаев мурдагы ээлеген кызматынан алынгандан кийин №3 коомдук шаардык милициянын башчысы болуп дайындалган. Бирок шаардык прокуратура бул жаңжалды изилдеп жаткандыгы үчүн Намазбаев убактылуу бул кызматынан дагы четтетилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0