ТИМ: визанын кеч берилишинен Кытайда окуган студенттердин укугу бузулбайт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын элчилигинде болгон терактынын айынан атайын жабдыктар бузулуп, студенттер Кытайга баруу үчүн виза ала албай калган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Визанын кеч берилишинен Кыргызстандын Кытайда окуган студенттеринин укугу бузулбай турганын аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул тууралуу КРдин ТИМи маалымдады. 

17-октябрда Пекинде эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар болуп өттү. Кыргыз делегациясынын башында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, ал эми Кытай тараптан ТИМ жетекчисинин орун басары Ли Хуэйлай турду.

Бишкектеги Кытай элчилиги - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелген жигит Бишкекке келе жатканын айтты
Тараптар кыргыз-кытай мамилелерин талкуулап, Кытайдын тышкы иштер министрлиги КР студенттердин укуктары бузулбай тургандыгын, техникалык маселелер чечилгенден кийин КРдеги Кытайдын элчилиги Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жанданта турганына ынандырды.

Ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча маселелерге көңүл бурулду.

Тараптар "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" темир жолдорун куруу боюнча долбоорлор, Бишкектин көчө-жол тармактарын өнүктүрүү, Кыргызстандагы ирригация системасын жакшыртуу жана башка маселелер боюнча ойлору менен бөлүштү.

Кытай элчилиги 30-августта болгон терактыдан кийин кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтоткон. Жардыруунун кесепетинен дипломатиялык ведомствонун документтерди даярдоочу аппаратурасы жабыр тарткан. Натыйжада Кытай окуу жайларында билим алган КРдин 300дөн ашык жараны кете албай калган. 10-13-октябрда ТИМ Кытайда окуган кыргызстандык студенттердин документтерин кабыл алды. Жалпысынан кытай элчилигине 400дөн ашык билдирме келип түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0