Өзбекстандын вице-премьери КР ишкерлери менен жолукту

© Фото / пресс-служба МИД КРӨзбекстандан вице-премьер министри Адхам Икрамов кыргызстандык ишкерлер менен жолукту
Өзбекстандан вице-премьер министри Адхам Икрамов кыргызстандык ишкерлер менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу Кыргызстандын 25 жылдыгына карата дипломатиялык кабыл алууда өттү.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Өзбекстандан вице-премьер министри Адхам Икрамов кыргызстандык ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу КРдин ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын желегин көтөргөн адам, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын "илбериңки" тартышы же кыргыз-өзбек мамилелериндеги жылыш
Жума күнү Ташкентте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аны КРдин Өзбекстандагы элчилиги 200 кишинин катышуусунда уюштурган. Салтанатка Өзбекстандын вице-премьери Икрамов, Тышкы иштер министринин орун басары, дипломатиялык корпус, көрүнүктүү өзбек коомдук ишмерлери, Кыргызстандын ишкерлери, ЖМК өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасынын активисттери келишти.

Өзбек вице-премьери ишкерлер менен жолугуп, алар менен өлкөлөр арасында эки тарапка тең пайда алып келе турган кызматташуу боюнча талкуулады. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков кыргыз жана өзбек эли түпкү тарыхый тамыры, тилдин окшоштугу жана ынак коңшулук мамилелер менен байланышкандыгын белгиледи.

"Биздин башкы милдет эки элдин тарыхый кенчин сактоо, бул баалуу кенчке кол салдырбоо",—деди элчи.

Иш-чарада КРдин өнөрпоздору тарабынан концерт, кыргыз элинин турмуштук искусствосунун көргөзмөсү, ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн жарманкеси тартууланды. Ошондой эле Кыргызстан жана Көчмөндөр оюндары тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0