Казакстан ЭКСПО-2017 турпакеттерине Ысык-Көлдү кошууну сунуштады

Жазылуу
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Астана ЭКСПО ишканасынын жетекчиси менен жолукту.

АСТАНА, 18-окт. — Sputnik, Алия Самидин. Кыргызстандын Астана ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн туристтик пакеттерине Ысык-Көл жана башка туристтик жерлерди кошуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирди Астана ЭКСПО-2017 улуттук ишканасынын башкармалыгынын жетекчиси Ахметжан Есимов билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстан "жашыл энергия" темасына багытталган көргөзмөдөн пайдаланып, сууну пайдалануудагы жетишкендиктерин жана туристтик аймактарын таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

"Кыргызстан сууну пайдаланууда көп иштерди жасап жатат. Бул иштерди ЭКСПО алкагында үч ай аралыгында башка мамлекеттерге көрсөтө алат. Иш-чараны пайдаланып, өзгөчө өлкөнү жана туристтик жерлерди таанытуу керек. Кыргызстандын керемет жерлери көп. ЭКСПО көргөзмөсүнөн тышкары өлкө аймактарына атайын туристтик пакеттер бар. Өткөн жумада Өзбекстан аталган турпакеттерге Самарканд менен Бухара шаарларын кошууну сунуштады. Силер да бул тизмеге Кыргызстандын Ысык-Көл жана башка жерлерин кошсоңор болот", — деди ал. 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев: Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси үлгүлүү болуусу керек
Есимов учурда ЭКСПО эл аралык көргөзмөсүнө катуу даярдык жүрүп жатканын, учурда 104 өлкө жана 17 эл аралык уюм менен көргөзмөгө катышуу келишимдери түзүлгөнүн кошумчалады. 

Келерки жылы Астана шаарында өтө турган ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнө беш миллион туристтин келиши күтүлүүдө. 

Өз кезегинде Эрлан Абдылдаев Кыргызстан көргөзмөгө кызуу даярдык көрүп жатканын жана активдүү катышууга даяр экендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0