Бишкекте карызы бар үйлөргө жылуулук бериле элек

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖылытуу батареясы, Архив
Жылытуу батареясы, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган маселе карыздар толук кандуу төлөнгөндөн кийин гана чечилет.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы турак жайлардын 93 пайызына жылуулук берилгенин мэрия кабарлады. 

Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы тарабынан медициналык мекемелердин 61 пайызы, бала бакчалардын 88 пайызы, мектептердин 68 пайызы жылуулук менен камсыз болгон. 

Ал эми "Бишкекжылуулукэнерго" тарабынан дээрлик 100 пайыз жылуулук берилди. 

Айрым карызы бар жана түтүктөр иштен чыккан үйлөргө жылуулук азырынча бериле элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0