Ош: салдырган 8 тиши бир айга жетпей түшүп калган жаран тиш доктурду сотко берет

© flickr.com / Steven DepoloТиш жана стоматологдун инструменти, Архив
Тиш жана стоматологдун инструменти, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми тиш доктур Коенова убагында тишин жуубай же катуу нерсе тиштеп алганын болжолдоду.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну Уулкан Коенова жаңы салдырган тиштери бир айга жетпей түшүп калганы үчүн стоматологду сотко бергени жатканын айтып маалымат жыйын өткөрдү. 

Коенованын айтымында, 50 миң сомго 23 тиш салдырса, анын сегизи бир айга жетпей түшүп калган.

"2013-жылдын апрель айында ОшМУ окуу жайынын алдындагы тиш доктурга кайрылып керамикадан тиш салдыргам. Бирок анын сегизи бир ай өтпөй түшүп калды. Дарыгерге кайрылсам, тиштеримди дарыламыш этип узатып койду. Негизи 10 жылга кепилдик берилген эле", — деди Коенова. 

Ал белгилегендей дарыгер кийин кардарын оозго алгыс сөздөрдү айтып сыртка чыгарып койгон. 

"Ал иш бөлмөсүн ичинен бекитип алып чыкпай койду. Башка тиш доктурлар менен кеңешсем, алар бир адамга керамикадан алтыдан ашуун жасалган тиш салууга мүмкүн эмес экендигин айтышты. Айласыздан сегиз тишти 45 миң сомго кайрадан жасаттым", — деп белгиледи Коенова. 

Стоматологдор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Стоматолог: колго жасалган нан жаакты иштетип, тиштеги кирди да чыгарып кетет
Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы тиш дарыгердин өзүнө кайрылганда ал Коенова убагында тишин жуубай же катуу нерсе тиштеп алганын болжолдоду. 

"Мен салып берген 23 тиштин сегизи эмес, өзүнүн мурунку тиштери сынып түшсө керек. Биринчиден, керамикадан салынган тиштер сынбайт. Экинчиден, Коенова мага бир айдан кийин кайрылган жок. Балким ал тишин өз убагында жуубай же катуу нерсени тиштеп эрежени сактаган эместир. Буга мен күнөөлүү эмесмин да. Сотко кайрылса кайрыла берсин", — деген жообун узатты дарыгер. 

№1 стоматология бейтапканасынын тиш доктуру Анарбек Файзуллаев билдиргендей бир эле учурда керамикадан 23төн ашуун тиш салууга болот. 

"Бирок таяныч тиштери бекем, бүтүн болушу керек. Тиешелүү дарылоодон дагы өткөрүү керек", — деп ырастады Файзуллаев

Буга чейин Ош ОИИБне тиш доктурдун үстүнөн арыз менен кайрылгандар катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0