Исфанадагы Мурза-Патча айылынын балдары эми бала бакчага барышат

© Sputnik / Табылды КадырбековВоспитанник детского сада в селе Мин-Куш
Воспитанник детского сада в селе Мин-Куш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы имараттын курулушу беш айдан кийин бүтөрү пландалууда.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Исфанадагы Мурза-Патча айылынын балдары эми бала бакчага барышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаев Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында Мурза-Патча айылында жаңы балдар бакчасынын имаратына капсула таштоо аземине катышты.

"34 орунга ылайыкташтырылган балдар бакчанын сметалык баасы 11 миллион 844 миң 590 сомду түзөт. Жаңы имарат беш айдан кийин эксплуатацияга берилет", — деп жазылат маалыматта. 

Бүгүнкү күндө облус боюнча 130 балдар бакчасында 15 миң 632 бала тарбияланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0