ӨКМ майыптарга жардам көрсөттү

Жазылуу
Ушундай эле жардам мындан үч күн мурун Ош шаарындагы карылар үйүнө да жеткирилген.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги майыптар коомуна гуманитардык жардам көрсөткөнүн аталган ведомство билдирди.

Маалыматка ылайык, майыптарга жууркан-төшөктөн тышкары, бир тоннадан суу май, чай, ун, кумшекер, макарон жана 100 килограмм күрүч берилди.

"Гуманитардык жардам ӨКМдин Ош шаарындагы бирдиктүү кампасынан бөлүндү", — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле жардам мындан үч күн мурун Ош шаарындагы карылар үйүнө да жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0