Москвадагы салтанатта эки тай казанга жарым тоннага чукул аш басылат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПалоо салып жаткан майрамдын катышуучулары, архив
Палоо салып жаткан майрамдын катышуучулары, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын алкагында шаардыктар үй-бүлөлүк мастер-класстарга, экскурсияларга күбө болушат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бүгүн Москванын борборунда ачык асман алдында эки тай казан аш басылып, шаар тургундарына тартууланат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, түшкү тамактын биринчисине 400 литр өлчөмүндө балык сорпосу даярдалып, экинчисине ошончо эле көлөмдөгү аш берилет. Ал эми десерт үчүн 80 килограммдык пирог жасалууда.

"Иш-чара шаардагы базарлардын биринин ачылышына карата өтүп жатат. Сунушталып жаткан тамак-аштын баары базардын башкы ашпозчусунун колунан чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, шаардыктар үй-бүлөлүк мастер-класстарга, экскурсияларга күбө болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0