Бишкек менен Оштун айрым жерлеринде газ өчөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВключение газовой плиты с помощью спички
Включение газовой плиты с помощью спички - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек менен Ош шаарларынын айрым жерлеринде газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 17-18-октябрь күндөрү Бишкектин Суванбердиев, Белоруссия, Скрябин жана Кара-Дарыя көчөлөрү менен чектешкен аймагына, ал эми бүгүн, 14-октябрда Оштун "Ак тилек", "Кулатов" жана "Төлөйкан" кичи райондоруна берилбейт.

Ишкана мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0