Депутат: дыйкандардын кант кызылчасын үшүк алганы турат

© Sputnik / Мария Сибирякова / Медиабанкка өтүүКант кызылчасын жыйноо, архив
Кант кызылчасын жыйноо, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Раимкулов өз сөзүндө жазында өкмөт баш болуп дыйкандарга кант кызылчасын эккиле деп айтып, күзүндө жыйым-терим башталганда унчукпай жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Раимкулов күн тартибиндеги түрдүү маселелерде кант кызылчасын эккен дыйкандардын көйгөйүн көтөрүп, учурда алар жыйнаган түшүмүн өткөрө албай жатканын айтты.

"Дыйкандар кызылчаларын өткөрө албай, же машина таппай кыйналып жатат. Машина таап келсе заводдун алдында 2-3 суткалап күтүүдө. Кээ бир жерде кабыл алуу саат тогузда эле жабылып калат экен. "Кант" заводунун акционерлерине рахмат, алар дыйкандардын ыңгайлуулугу үчүн эми күнү-түнү кабыл алууга өттү. Дыйкандары кызылчаларын жыйнап бүтпөй калат деген коркунуч бар. Жок дегенде аларга кабыл алуу сааттарын узартып берели", — деди депутат.

Раимкулов өз сөзүндө жазында өкмөт баш болуп дыйкандарга кант кызылчасын эккиле деп айтып, күзүндө жыйым-терим башталганда унчукпай жатканын белгиледи.

Андыктан өкмөттөн дыйкандардын абалы менен жеринен барып таанышуусун өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0