ТИМ: Кытайга виза алуу үчүн 400дөн ашуун студент документ тапшырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин маалыматы боюнча бардык документтер кытай элчилигине жөнөтүлүп, бир жума ичинде каралып чыгат.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эки күндүн ичинде 400дөн ашуун студент Кытайга кетүү үчүн визага документ тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук кызмат департаменти билдирди.

Буга чейин аталган мекеме дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин элчиликтеги терактынын айынан Кытайдагы окуусуна кете албай жүргөн студенттерден виза алууга билдирмелерди кабыл ала турганын айткан.

ТИМ кызматкеринин айтымында, студенттердин негизги агымы дүйшөмбү менен шейшембиге туура келди.

"Бүгүн дээрлик эч ким жок. Эки күндүн ичинде 400 билдирме алып, кытай элчилигине жөнөттүк. Башкача айтканда, 10-октябрда документ тапшыргандар жоопту келе жаткан дүйшөмбү күнү ала алышат", — деди ал.

Азырынча окуусун 300гө чукул кыргызстандык студент уланта албай турат

Белгилей кетсек, 30-августта эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасын жанкечти жардыргыч заттар салынган машина менен барып сүзүп, жардырган. Анын кесепетинен жан кечти каза болуп, элчиликтин бакчасында иштеген Кыргызстандын үч жараны жаракат алган. Жардыруудан кийин Кытай элчилиги Кыргызстандын жарандарына Кытайга кирүү үчүн виза берүүнү токтоткон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0