Чуу жараткан 300 сомдук купюра: УБ жарандарды жасалма акчадан сак болууга үндөдү

Жазылуу
Өлкөнүн башкы каржы көзөмөл органы жасалма акча колдонуудан кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалайт.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Улуттук банк жарандарды жасалма акчалардан сак болууга чакырды. Бул тууралуу УБнын маалымат кызматы билдирди. 

Эске сала кетсек, ЖМКда Чыңгыз Айтматовдун элеси чагылдырылган жасалма 300 сом пайда болгондугу тууралуу маалымат тараган. 

"Жогорудагы жагдайдан улам улуттук валюта катары 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сомдук номиналдарда гана сунушталарын эскертет. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу" мыйзамына ылайык, акча белгилерин чыгаруу укугу бир гана Улуттук банкка берилген", — деп айтылат маалыматта. 

УБ эгерде жасалма акча колго тийсе, дароо милиция кызматкерлерине билдирүү керектигин айтып, жасалма акча колдонуудан кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0