КР муфтийи Стамбулдагы Евразия Ислам Кеңешине катышууда

© Фото / пресс-служба ДУМК КРКыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркияда тогузунчу ирет өтүп жаткан Евразия Ислам Кеңешининде
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркияда тогузунчу ирет өтүп жаткан Евразия Ислам Кеңешининде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеңеш 14-октябрда бирдиктүү декларация кабыл алуу менен аяктайт.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркияда тогузунчу ирет өтүп жаткан Евразия Ислам Кеңешинин ишине катышып жатканын муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чарага 33 өлкөдөн келген 120 өкүл катышууда. 

Мечит, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Нике мыйзамы: турмушка чыккан кыз күйөөсүз, айыл молдосуз калбайбы?
Евразия Ислам кеңеши салттуу түрдө 1995-жылдан бери Азия аймагында жайгашкан мусулман өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлүп келет.

Стамбулдун Долмабахче сарайындагы кеңештин ачылышында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез катышып, "Биримдик, Ислам жана дин, тилектештик жана келечек" туурасында докладдарын окушту. 

Бул жыйында Ислам дүйнөсүндө болуп өткөн окуялар, Ислам мамлекети террордук тобу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланууда. Кеңеш 14-октябрда бирдиктүү декларация кабыл алуу менен аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0