ТИМ: Кыргызстан — Катар аба каттамын ачуу пландалып жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы учак. Архивдик сүрөт
Манас аэропортундагы учак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР элчиси келечекте соода-экономикалык, инвестициялык, маданий мамилелер жана туризмди өнүктүрүү үчүн Бишкек — Доха аба каттамын ачуу маанилүү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Катардагы элчиси Нурлан Ниязалиев "Qatar Airways" авиакомпаниясынын вице-президенти Али Аль-Раис менен болгон жолугушууда Кыргызстан — Катар түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кыргызстандагы Тамчыдагы аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жердин үстү, көктүн алды менен... Жарандык авиациянын жагдайы
ТИМдин маалыматына караганда жолугушуу шейшемби күнү өтүп, анда түз аба каттамын ишке ашыруу маселеси көтөрүлгөн. 

Ниязалиев келечекте соода-экономикалык, инвестициялык, маданий мамилелер жана туризмди өнүктүрүү үчүн Бишкек — Доха аба каттамын ачуу маанилүү экенин белгилеген. 

Ошондой эле Кыргызстан менен араб өлкөлөрү ортосунда жүргүнчүлөр менен оор жүктөрдү ташуу потенциалы жогору экени айтылган. Элчи "Манас" аэропортунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу дагы маалымат берди. 

Эки тарап түз аба каттамын ачуу боюнча маселени мындан ары дагы талкуулоо тууралуу макулдашты.

Кыргызстанда кайсы аэропорт жабылышы ыктымал, канча учак "конушу" бар, аба кемелеринин саны канча, учкучтар жетиштүүбү деген суроолорго Sputnik Кыргызстан инфографикасынан жооп алаласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0