Бишкек мэри "унаа токтоткучтар" менен күрөшүүгө шаар тургундарын жардамга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБазардагы "унаа токтоткуч", архивдик сүрөт
Базардагы унаа токтоткуч, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа башчысы "унаа токтоткучтардын" так дарегин атоо менен сүрөткө тартып алууга чакырат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов Facebook тармагындагы баракчасына "унаа токтоткучтар" менен күрөшүү үчүн шаар тургундарын жардамга чакырарын жазды. 

Калаа башчысы мыйзамсыз иштеп жаткан "унаа токтоткучтар" айдоочулардан акча талап кылуу менен орой мамиле жасашары тууралуу арыздар тыйылбай жатканын белгилеген. 

"Ыкчам чара көрүү үчүн "токтоткучтардын" так дарегин атоо менен сүрөткө же видеого тартып алууга аракет жасооңуздарды өтүнөм", — деп белгилейт Ибраимов. 

Буга чейин күз айларынан тарта бардык муниципалдык унаа токтотуучу жайларга акы төлөнө турганы айтылган. Анткен менен бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында талкууланган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0