БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Баткенде күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүп жатканын өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Билдирмеге караганда учурда район, шаарларга көмүр сатуу пункттары уюштурулган.
"Көмүрдүн үлгүсүнө жараша тоннасына болгон базар баасы 1,5 миңден 5,5 миң сомго чейин сатылууда. Ал эми шахталарда тоннасы 2,6-3,6 миң сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.
11-октябрга карата облус аймагындагы билим берүү мекемелеринин 44 пайызы, Саламаттык сактоо тармагынын 84 пайызы көмүр менен камсыз болгон.
Жалпы облустун калкына 80 миң 230 тонна көмүр керектелсе, анын 46 пайызы ташылып бүттү.