Кыздар күнүнө карата кыргызстандык кыздар депутаттар менен баарлашат

Жазылуу
Жолугушууга активисттер, спортчулар, кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунда тарбияланган жана майып кыздар чакырылган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бүгүн кыздардын эл аралык күнүнө карата БУУ үйүндө жаш кыздар менен Жогорку Ке6ңеш депутаттарынын жолугушуусу өтө турганын аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Эл өкүлдөрү менен кезигүүгө активисттер, кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунда тарбияланган жана майып кыздар чакырылган.

Иш-чара эркин баарлашуу форматында өтүп, Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн активдүүлүгү тууралуу талкуу жүрөт.

"Бүгүнкү күндө кыздарыбыз бойго жете элек туруп, коомго чоң пайда алып келүүдө. Мисалга алсак, "Менин коопсуздугум жана тынч мектеп" долбоорунун катышуучулары өзүнөн кичинекейлерди кыздардын укугун коргоого үндөп жатышат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырктары, эл өкүлдөрүнө атайын кубок тапшыруу пландалууда. Аталган кубок депутаттарга кыздардын укугу, келечеги тууралуу эскертип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0