"Акылдуу мектеп" программасы ишке кире элек

© AFP / DAMIEN MEYERУченик на уроке с планшетом. Архивное фото
Ученик на уроке с планшетом. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программаны ишке ашыруу үчүн эки ирет белгиленген тендер майнап бербей, үчүнчүсү 6-октябрда кайрадан жарыяланды. Анын жыйынтыктары ай аягында гана чыгат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Акылдуу мектеп" программасын ишке ашыруу үчүн үчүнчү ирет тендер жарыяланып жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан ырасташты. 

Белгилей кетсек, жыл башында билим берүү министри Элвира Сариева программанын алкагында 1-сентябрга карата бир миң мектепке Интернетке кошуларын айткан. Ал эми информатика сабагы 7-класстан эмес, 5-класстан тарта окутула турганын кошумчалаган. 

"Республиканын аймагындагы мектептерди интернет менен камсыз кылуу үчүн эки ирет тендер жарыяланды. Биринде акчасы туура келбей калса, экинчисинде документтер туура эмес болуп калды. Буга ылайык министрлик үчүнчү ирет тендер жарыялады. Анын жыйынтыктары 27-октябрда чыгат", — деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан. 

Ал эми мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда Билим берүү жана илим министрлиги 603 жалпы билим берүү мекемелерин бир жыл бою интернет менен камсыздоо үчүн 163 миллион 600 миң сом сарптоого даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0