Атамбаев пенсиянын көтөрүлүшү тууралуу маалымат алды

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теңизбек Абжапаров Социалдык фонд тарабынан отчеттерду электрондоштруу иштери жүрүп жатканына токтолду.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуу жүрүшүндө Теңизбек Абжапаров президентке пенсиянын жогорулашы менен орточо пенсия 5173 сомду түзгөнүн билдирди. Мындан сырткары, биллинг системасы ишке кирип жатканын кошумчалады. 

"Жаңы система төлөмдөрдү терминал аркылуу ишке ашырууга жана электрондук отчет алууга шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. 

Кабыл алуунун соңунда Атамбаев мамлекет пенсионерлерге кам көрүү керектигин айтып, жүктөлгөн милдеттерди толук аткаруу тапшырмасын берди.

Кыргызстандагы пенсия алуунун күңгөй-тескейи тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0