Бишкектин 9 көчөсүндөгү жарык берүү системасы оңдолду

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин көчөсүнүң биринде жарык берүү системасын оңдоо
Бишкектин көчөсүнүң биринде жарык берүү системасын оңдоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери Көлбаев, Жаш Гвардия жана Безымянный көчөлөрүндө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкектин тогуз көчөсүндөгү жарык берүү системасы оңдолгондугу тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда оңдоо иштери Көлбаев, Жаш Гвардия жана Безымянный көчөлөрүндө жүргүзүлгөн. 

"Лев Толстой көчөсүнүн Фрунзе менен Ибраимовго чейинки тилкесине 222 чырак орнотулду. Ошондой эле электр зымдары тартылып 15 түркүк орнотулду. Чолпон-Ата көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесине 125 чырак орнотулуп, 4576 метрлик электр зымдары тартылган. Мындан тышкары, Осмонкулов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен "Шоро" заводуна чейинки тилкесине чырактар орнотулду. 2335 метрлик электр зымдары тартылды", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан башка Садырбаев, Каралаев көчөлөрүнө дагы чырактар орнотулуп, электр зымдары тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0