Студенттерге экстремизмдин алдын алуу боюнча лекция окулду

© Фото / пресс-служба УВД города Жалал-АбадЭкстремизмге каршы жазылган буклеттер. Архивдик сүрөт
Экстремизмге каршы жазылган буклеттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган лекцияны муфтияттын өкүлдөрү өткөрүп, студенттерге кенен маалымат берилди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргыз улуттук университетинин алдындагы гуманитардык лицейдин студенттерине экстремизмге каршы лекция окулду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, лекцияны студенттерге Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев өттү. 

"Студенттерге экстремизм, терроризм, ар кандай терс агымдар жана адеп-ахлак темасында атайын лекция окулуп, кенен маалыматтар берилди. Адистер тарабынан студенттерге пайдалуу кеп-кеңештер айтылды", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган иш-чара Кыргыз улуттук университетинин алдындагы гуманитардык лицейи тарабынан уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0