Ат өлтүрө келүү, арбак конгон — бул сөздөрдү колдонуп сүйлөп көрбөйсүзбү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылмайып жаткан кемпирдин архивдик сүрөтү
Жылмайып жаткан кемпирдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөздүн маңызы менен көркөмүн арттырган фразеологизмдер айрыкча адабий чыгармаларда арбын колдонулат. "Манасты", "Сынган кылычты", "Кыяматты" кенен түшүнүү үчүн алгач бул тилдик каражаттардын маанисин билүү зарыл.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik, Аийда Батырбекова. "Тибиртке" рубрикасы Мамлекеттик тил комиссиясынын жардамы менен фразеологизмдерди чечмеледи. 

Алеки сааттык — анчалык алыс эмес, узакка созулбаган. Мисалы: автобуска отурса алеки сааттык жол

Алка-шалка түшүү — көл-шал болуп тердөө, кара терге түшүү, кыйналып-кысталуу. Мисалы: Журтбек ызага муунуп, алка-шалка түштү.

Алтын жаак жез таңдай — мыкты сөзмөр, чечен, акындыгы жетик. Мисалы: алтын жаак жез таңдай акындар чыгат пендеден.

Аңкилдек атуу — андан-мында бир тийип кулануу, томолонуу. Мисалы: казандай болгон кара таш, аңкилдеп атып секирди.

Арам сийдик — никесиз төрөлгөн бала. Мисалы: акыр заман иш кылды, арам сийдик Бокмурун (Манас эпосу)

Арбагы көтөрүлүү — атак-даңкка ээ болуу, даражасы көтөрүлүү. Мисалы: журттун арбагы көтөрүлсө эле болду.

Арбак конгон — иши илгерилеген, иши оңунда болгон.

Ат өлтүрө келүү — өлөр-тирилерине карабай тез жүрүү. Мисалы: Ашырбайдын досу Мамат деген айылга ат өлтүрө келиптир.

Башка чукак — баласы жок, тукуму аз, кемчил, жетишсиз. Мисалы: башка чукак кадеми каткырлардын тукуму уланып, бала төрөлгөнү жакшы жышаан

Башы ачык — эч кимге менчиктелбеген, эч ким ээ болбогон, эч кимдин тиешеси жок. Мисалы: башы ачык оокат. Башы ачык буюм

Дыр берүү — шарт качып жөнөө, шарт жүрүп кетүү. Мисалы: адырыңдан дыр берип, аркар-кулжа бөлүнүп (Каралаев)

Жаак этин жеп — какшанып, жаагын жанып көп сүйлөө, тажата сүйлөө. Мисалы: ар күнү жыйын курулуп, чечендер жаак этин жеп ордонун намысын какшап жатышты.

Жалаяк ооз — өтө жалжайган, эпсиз чоң ооз. Мисалы: жалаяк ооз, жар кабак, жаагы жазы, ээги узун (Манас эпосу)

Урматтуу окурман, мындан ары "Тибиртке" рубрикасына кызыктуу темаларды сунуштоого мүмкүнчүлүк ачылды. Ал үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына 0707 52 55 70 Whatsapp номери аркылуу жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0