Мушташкан балдардын видеосуна блок коюлса да интернетке кайрадан жүктөлүп жатат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКлавиатура. Архивдик сүрөт
Клавиатура. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик видео Кыргызстандын аймагында тартылганын текшерүүгө алып жатат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Социалдык тармакка чыккан эки жеткинчектин мушташып жаткан видеосуна Ички иштер министрлиги блок койгону менен ал интернет айдыңына кайрадан таркап баштагынын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Буга чейин 7-8 жаштагы балдар чоң адамдардын сүрөөнү менен мушташып жаткан видео социалдык тармакка жайылып кеткен. Эки бала бети-башынын канжалаганына карабастан мушташууну улантышкан

"Зомбулук камтылган видеону сайттардан алдырып салганбыз. Бирок айрымдар видеону жүктөп алганга жетишиптир. Алар интернетке кайрадан жайылтып жатышат", — деп билдирди маалымат кызматындагылар. 

ИИМ аталган видео боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0