Ботаникалык бак шаардыктарды конокко чакырат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСейил багы, архивдик сүрөт
Сейил багы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган бакта өскөн чөптөрдөн атайын чай демдөөнүн жолдорун кичинекейлер менен кошо чоңдорго да көрсөтүп беришет.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта "Бак-дарактарга конокко келдик" деп аталган шаардык күз майрамы өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фондусунан билдиришти. 

Скульптура. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте скульпторлордун республикалык симпозиуму өтөт
8-октябрда саат 10дон тарта түшкө чейин аталган дендрарий-коруктун аймагында билим берүү экскурсиясы болот. Шаардыктар аталган жайдагы өсүмдүктөр дүйнөсү менен жакындан таанышып, кызыккан суроолоруна адистерден жооп алышат. Жаш муундар үчүн көркөм, музыкалык программалар уюштурулат. 

Ботаникалык бакта өскөн чөптөрдөн атайын чай демдөөнүн жолдорун адистер кичинекейлер менен кошо эле чоңдорго да көрсөтүп беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0