Бишкектин көчөлөрүн долбоорлоо үчүн 16 млн. сомго тендер жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынан көчөлөрүнүн долбоору, архивдик сүрөт
Бишкек шаарынан көчөлөрүнүн долбоору, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 5-октябрда жарыяланып, мөөнөтү 26-октябрда аяктайт.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы калаа көчөлөрүн долбоорлоо үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылган маалыматка караганда башкармалык долбоор үчүн 15 миллион 730 миң 074 сом сарптоого даяр.

Тендер 5-октябрда жарыяланып, мөөнөтү 26-октябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0