Момбеков: каржы министрлигин карыз министрлиги деп өзгөртүп коюш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДПчы депутат Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДПчы депутат Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып экономика министрлиги менен каржы министрлигин айкалыштыруу демилгесин көтөрдү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Каржы министрлигин карыз министрлиги деп өзгөртүп коюш керек. Бул тууралуу КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну карап, КРдин каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады.

"Каржы министрлигин карыз министрлиги деп коюш керек. Бир дагы каржы таппай эле, жалаң гана карыз ала берет. Ошентип жүрүп карызыбыз 4 миллиарддан ашып кетти. Качан биз карыздан кутулабыз? Биз экономика министрлиги менен каржы министрлигин айкалыштырышыбыз керек. Болбосо өмүр бою карыз болуп өтөбүз", — деди Момбеков.

Эл өкүлдөрү Алтынай Өмүрбекова, Рада Түмөнбаевалар макулдашууну колдобогоо чакырды.

Кызуу талкуудан кийин маселе добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0