Атамбаев кылмыштуулукка каршы аракеттер боюнча маалымат алды

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент ички иштер органдары мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, өлкөдөгү коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу кабардар болду. 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Башкы штабдын башчысы Дүйшөнбиевди кабыл алды
Өлкө башчынын маалымат кызматынын айтымында, министр президентке ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берип, милиция кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак жайдын курулушунан маалымат берди.

Атамбаев ички иштер органдары мыйзам бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүүсү керектигин белгилеп, жол кырсыктарын азайтуу боюнча кескин чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0