Атамбаев: ата-эне сыяктуу мугалим да ар бир баланы гений кылып чыгара алат

Жазылуу
Мамлекет башчы мектеп босогосун аттаган ар бир наристенин дүйнөсү жаңы компьютер сыяктуу – ага кандай программа салынса, ошондой иштей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеде Атамбаев мугалимдерге чың ден соолук, узак өмүр каалаганы белгиленет.

"Мугалим — түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип. Жөндөмсүз бир да бала болбойт, алардын ичинде катылып жаткан касиеттерин, талантын, жөндөм-шыгын ачуу аркылуу сиздер коомубуздун өнүгүшүнө зор салым кошо аласыздар. Ата-эне сыяктуу эле мугалим ар бир баланы гений кылып чыгара алат. Мугалимдин аракетине, изденүүсүнө жараша Кыргызстандын чыныгы жарандары өсүп чыгат", — деп билдирген Атамбаев.

Мугалимге гүл берип жаткан окуучунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КР мугалимдери кесиби тууралуу: балдарга тек гана мээрим төгүш керек
Ошондой эле мамлекет башчы мектеп босогосун аттаган ар бир наристенин дүйнөсү жаңы компьютер сыяктуу – ага кандай программа салынса, ошондой иштей турганын белгилеген. Буга байланыштуу балдарга дүйнөнү кенен тааныгыдай билим берүү, таптаза дүйнөсүнө биринчи сабактан тарта сүйүү, ыйман, адамгерчилик түшүнүктөрүн сиӊирүү сыяктуу улуу милдеттер жүктөлгөнүн баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0