Депутаттар Бишкек — Кара-Балта жол тендеринин мыйзамдуулугун текшерет

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоочулар. Архив
Жол оңдоочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолду оңдоо боюнча тендер комиссиясы Транспорт министрлигин ишке кийлигишкен деп айыптап жатат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү комитети Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендер өткөрүү маселесин карап чыкты. Тендер комиссиясы Транспорт жана жолдор министрлиги ремонт иштерине жана сынак уюштурууга кийлигишти деген кине менен депутаттарга кайрылган. 

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, министр Замирбек Айдаровдун Азия өнүктүрүү банкына (АӨБ) жөнөткөн катынан кийин аталган банк жумушчу топтун чечимине макул болбой, сынакка катышып жаткандардын ичинен башка компанияны тандоону сунуштаган.

"Эгер тендер комиссиясы сынак уюштуруудагы бардык жоопкерчиликти алгандан кийин сиз Азия өнүктүрүү банкына кайрылууга укугуңуз жок болчу", — деди "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев министрге кайрылып жатып.

АӨБдүн Кыргызстандагы өкүлү Кэндис Макдейгандын айтымында, банк министрликтен өз пикирин билдирген кат жөнөтүүнү өтүнгөн. Андан соң берилген арыздарга техникалык баа берип, тендер комиссиясынын кабыл алган чечимине каршы чыккан.

"АӨБдүн Азия боюнча арыздарды карай турган өзүнүн комиссиясы бар. Бул кесипкөй жана көз карандысыз орган. Берилген корутунду менен дал ушул комиссия макул болгон жок", — деди өкүл.

Өз кезегинде тендер комиссиясынын мүчөлөрү Транспорт жана жолдор министрлиги кысым көрсөткөнүн айтып чыгышты. Ал эми Айдаров болгону тезирээк чечим кабыл алууну өтүнгөнүн белгиледи.

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Замирбек Айдаров: Бишкектен "Манас" аэропортуна чейинки жол оңдолуп бүттү
Бардык тарапты уккан соң ЖК комитети парламентке тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүү сунушун берди. 

Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоого сынак 2015-жылдын 15-декабрында жарыяланган. Долбоорго 128 миллион 800 миң доллар каралган. АӨБ 65 миллион бөлсө, 35 миллион доллары грант катары берилмек, ал эми калган 20,8 миллиону мамлекет тарабынан каржыланмак. 

Быйыл июнь айында тендердин жеңүүчүсү аныкталбагандыктан чуу чыккан. Тендер комиссиясынын чечимине карабай, АӨБ расмий катында министрликке China Railway №5 Engineering Group Co компаниясын тандап алууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0