БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Тажикстандык укук коргочу Собир Валиевдин жубайы сурактан кийин бошотулганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдирди.
Эске сала кетсек, УКМК Валиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 346-беренеси (чек арадан мыйзамсыз өтүү) жана 304-беренеси боюнча (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголгон. Бирок шектүүгө карата издөө жарыялангандыктан улам тергөө убактылуу токтотулган.
2-октябрь күнү укук коргоочунун аялы Хамзаеванын Бишкекке келиши менен тергөө иштери жанданган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен жашаган жеринде тинтүү жүрүп, андан соң УКМКга суракка чакырылган.
Тиешелүү процедуралар бүткөндөн кийин Хамзаева үйүнө бошотулган.
Белгилей кетсек, Хамзаев мыйзамсыз түрдө КРдин паспортун алган деп шектелип келет. Ал эми укук коргоочу Тажистанда да издөөгө алынган.