Прокуратура "Дельфин" бассейнин оңдоо боюнча кылмыш ишин козгоду

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Дельфин" бассейнинин архивдик сүрөтү
Дельфин бассейнинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин ремонтту 1-октябрга чейин бүткөрүү тапшырмасына карабастан, учурда аталган жерде оңдоо иштери аягына чыга элек.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Дельфин" бассейнин оңдоо үчүн жарыяланган тендердин жыйынтыктары боюнча мыйзам бузуу аныкталып кылмыш иши козголгондугун Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Билдирмеге караганда мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тендердин жыйынтыгын КР кызыкчылыктарын эске албастан чыгарган. 

"Аталган башкармалык үстүбүздөгү жылдын 20-майында "Дельфин" бассейнин ремонттон өткөрүү үчүн тендер жарыялаган. Конкурстун жыйынтыгы менен "К.К" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 22-июнда алар менен келишим түзүлгөн. Бирок мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык "К.К" ишканасынын конкурска катышуу жөнүндөгү табыштамасы четке кагылган. Себеби ишкана квалификациялык талаптарга жооп бербей турганы белгилүү болгон. Мындан тышкары "О.И." аттуу ишкана азыраак сумма сунуштаганы менен сынактан себепсиз четтетилип калган", — деп айтылат маалыматта. 

Ушундай фактыларга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан 304-(кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренелери (КР кызыкчылыгын эске албастан келишим түзүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Октябрдын башында ачылат деген Дельфин бассейнинин абалы - Sputnik Кыргызстан
Октябрдын башында ачылат деген "Дельфин" бассейнинин абалы
Учурда тергөө иштери уланууда. 

Ал эми Бишкек мэри Албек Ибраимов үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда "Дельфин" бассейнин оңдоо иштерин 1-октябрга карата бүтүрүү тапшырмасын берген. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 30-сентябрда андагы оңдоо иштери менен таанышуу үчүн барганда аткарылчу иштер толугу менен бүтө электигине күбө болгон. Анда имараттын бетин каптоо жана айнек менен кафелдерди орнотуу иштери жүрүп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0