"Көк-Жар" жаңы конушуна магистралдык канализация орнотуу үчүн тендер жарыяланды

Жазылуу
Тендер 1-октябрда жарыяланып, мөөнөтү 24-октябрда аяктайт.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы "Көк-Жар" жаңы конушуна магистралдык канализация орнотуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда башкармалык канализация орнотуу иштерине 29 миллион 310 миң сом сарптоого даяр.

Тендер 1-октябрда жарыяланып, мөөнөтү 24-октябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0