Бишкекте Катардын кайрымдуулук уюмунун кеңсеси ачылат

© flickr.com / JuanedcКатар мамлекетинин желеги, архивдик сүрөт
Катар мамлекетинин желеги, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катардын кайрымдуулук коому каатчылык турмушка тушуккан жетим балдарга колдоо көрсөткөн эң ири уюмдардын бири болуп эсептелет.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Катардын кайрымдуулук уюму Кыргызстанда туруктуу кеңсесин ачарын элчиликтен кабарлашты.

Билдирмеге караганда 3-октябрда аталган уюмдун расмий делегациясы Кыргызстанга келет.

"Делегациянын максаты жергиликтүү уюм жана органдар менен кайрымдуулук иштерин ишке ашыруу болуп эсептелет. Мындан тышкары эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат. Расмий визит 3-октябрдан 5-октябрга чейин созулат. Катар делегациясы бир катар министрлер менен дагы жолугушат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Катардын кайрымдуулук коому каатчылык турмушка тушуккан жетим балдарга колдоо көрсөткөн эң ири уюмдардын бири болуп эсептелет. Дүйнө жүзү боюнча 105 миң жетим балдарды камкордукка алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0