Бишкек — Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол жээгинде турган жүк ташуучу унаанын айдоочусу, архивдик сүрөт
Жол жээгинде турган жүк ташуучу унаанын айдоочусу, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөө качан алынаары азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бүгүн 12:00дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолунда аба ырайына байланыштуу чоң жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Чектөө өлкөнүн түштүк тарабынан Токтогул районунун аймагынан, ал эми түндүк тарабынан Сосновка өткөрүү жайынын аймагынан киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Чектөө качан алынаары азырынча белгисиз экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0