Атамбаев Москвадагы ооруканадан чыгып, бүгүн мекенине келет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАрхивное фото президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева
Архивное фото президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин КРдин Россиядагы элчилигинен президентти ооруканадан чыгаруу үчүн тиешелүү документтер даярдалып жаткандыгын кабарлаган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Москва шаарындагы Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке ишемби күнү кайтып келет.

Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине президенттик аппараттан кабарлашты.

Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди жабыркаткан жүрөк аритмиясы. Оорунун себептери жана кесепеттери
Буга чейин КРдин Россиядагы элчилигинин пресс-аташеси Гүлбарчын Байымбетова РИА Новостиге Атамбаевди ооруканадан чыгаруу үчүн тиешелүү документтер даярдалып жаткандыгын кабарлаган. 

Атамбаев жүрөк аритмиясына чалдыгып, учурда РФ президентинин Иш башкармалыгынын Москвадагы борбордук клиникалык ооруканасына дарыланууга келген. Президенттин маалымат кызматы апта аягында ооруканадан чыга турганын кабарлаган. 

Атамбаев 19-сентябрь күнү Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аны Тез жардам алып кеткен. Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын бирине жайгашкан. Ал эми 23-сентябрда өлкө башчысы ден соолугун чыңдоо үчүн Москва шаарына учуп келген болчу.

Алмазбек Атамбаевге буга чейин кандай операциялар жасалып, кайсы өлкөдөн медициналык кароодон өткөнү туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0