ИИМ: эки сутка ичинде көчө таптап жүргөн 200 өспүрүм аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБазарда иштеген өспүрүм. Архивдик сүрөт
Базарда иштеген өспүрүм. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда алардын кай бирлери атайын борборлорго берилсе, айрымдарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Эки сутка ичинде Бишкек ШИИБдин кызматкерлери көчө таптап, кароосуз жүргөн 200дөн ашуун өспүрүмдү кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин шаардык милиция билим берүү жана социалдык өнүктүрүү кызматкерлери менен биргеликте "кам көрүү" аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөргөн.

Аталган иш-чаранын максаты — кароосуз калып, көчө таптап жүргөн өспүрүмдөрдү тактоо жана алдардын санын азайтуу болгон.

"Эки сутка ичинде Бишкек шаарында кароосуз бир канча өспүрүм кармалып, алардын 35и ИИМдин алдындагы өспүрүм балдар менен иштөө борборуна өткөрүлүп берилсе, калгандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал эми Кара-Балта шаарында аз камсыз болгон жана балдарына тишелүү көңүл бурбаган эки үй-бүлө аныкталган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда балдарына тиешелүү көңүл бура албаган ата-энелерди укуктан ажыратуу боюнча маселе каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0