Уюштуруучулар: бийлик курултай өткөрүүгө имарат бербесе борбордук аянтка чогулабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековМитингдеги адамдын архивдик сүрөтү
Митингдеги адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Референдумга жол жок" кыймылы айтып жаткан кинеге Спорт сарайы менен Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жетекчиси жооп кайтарды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Исмаил Мамытов. "Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөлөрү 8-октябрь күнү өтө турган курултайга иммараттар берилбей жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кыймылдын мүчөсү Мавлян Аскарбеков билдирди.

© Фото / из личного архива Мавляна Аскарбекова"Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөлөсү Мавлян Аскарбеков
Председатель молодежного политического движения Эркин Эл Мавлян Аскарбеков - Sputnik Кыргызстан
"Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөлөсү Мавлян Аскарбеков

Эске сала кетсек, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы болгон күчтөр "Референдумга жол жок" кыймылын түзүшкөн. Алар учурда референдумга каршы жана Жогорку Кеңешти таратуу боюнча кол чогултуп жатышат. Аталган кыймыл кол чогултууну 8-октябрь күнү аяктап, элдик курултай өткөрүүнү пландап жатат. 

"8-октябрда Бишкек шаарында элдик курултай өткөрүүнү пландап жатат. Иш-чараны өткөрүү үчүн Улуттук филармония, Кожомкул атындагы спорт сарайы, Кыргыз улуттук опера жана балет театрын акчасын төлөө менен ижарага алуу үчүн расмий каттарды жолдогонбуз. Үчөө тең ар кыл шылтоолорду айтып курултайды өткөрүүгө макул болушкан жок. Бийлик тараптан басым жасалып жатканы көрүнүп турат. Биз 2500 миң адамды делегат катары чакырууну пландап жатабыз. Эгер бийлик басымын күчөтүп, имаратты бердирбей койсо, "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө аргасыз болобуз", — деди Аскарбеков.

Кожомкул атындагы Спорт сарайдын директору Эдил Касенов эч кандай кысым болбогондугун айтып, ижарасын төлөсө, баарына эшик ачык экенин айтты.

Шайлоо участкасы. Архивдик cүрөт - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоочу ЖК комитетинин референдум боюнча чечимине каршы сотко кайрылды
"Кыргызстанда күзүндө концерт, тойлор күчөйт. Спорт ордосунда да күн сайын концерттер, спорттук иш-чаралар өтүп жатат. Октябрь айында бир күндө 2-3 иш-чара өтөт. Жигиттер 8-октябрь күнү курултай өткөрөбүз деп кайрылышты. Ал күнү бош болбогондуктан баш тарттык. Аларга чейин келип, 8-октябрды ээлеп кеткендерге эмне деп жооп берем? Бизде баарына бирдей мамиле жасалат. Балдарга спорт ордосунун бош күндөрүн көрсөтүп, ошол күндөрү каалаган курултайыңарды өткөрө бергиле дедик. Бизге ижарасын төлөсө болду, эч кимге тоскоолдук жок", — деди Касенов.

Ал эми Опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов 8-октябрь күнү "Чолпон" балети коюла тургандыктан "Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөлөрүнө театр берилбегендигин айтты. 

"8-октябрь күнү курултай өткөрөбүз деп кайрылды. Ал күнү "Чолпон" балетин коюу пландалган. Учурда билеттер сатылып жатат. Анан кантип бошотуп бермек элем. Мындан сырткары ремонт кылуу пландалып жатат. Ишемби күнү театр бошобойт да", — деди Осмонов.

Ал эми үчүнчү жай — Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0