Улгайгандардын колунан чыккан буюмдардын жармаңкеси Бишкекте өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПожилые люди продают свои изделия на ярмарке в Бишкеке
Пожилые люди продают свои изделия на ярмарке в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдин назарына кийиз буюмдар менен айыл чарба азыктары коюлат. Иш-чара борбор калаада болот.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Борбор калаада улгайгандар күнүнө карата социалдык жарманке өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жарманке улгайгандардын эл аралык күнүнө карата, Бишкекте 1-октябрда Курманжан датканын эстелигинин жанында саат 10:00дөн 14:00гө чейин болот. Иш-чараны Бишкек мэриясы менен карылардын ресурстук борбору биргелешип өткөрүп жатат.

Карылар үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият карылар үйүнө эки муздаткыч сатып берди
Максат — коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн өлкөдөгү улгайгандарга кам көрүүгө буруу, алардын пенсиясына кошумча каражат таап берүү.

Шаардыктар Ысык-Көлдөн, Чүйдөн жана Бишкектин өзүнөн келген улгайгандардын колунан чыккан буюмдарды сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. 

Жарманкеге кийизден, жүндөн жасалып, ар кандай жиптерден токулган кийимдер, буюмдар, сувенирлер, айыл чарба азыктары коюлат. Мындан сырткары шахмат турнири уюштурулуп, артисттер ырдап-бийлешет.

Кыргызстан дүйнөдөгү башка өлкөлөр сыяктуу эле 1-октябрда Улгайгандардын эл аралык күнүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0