Москвада өмүрүн өрт жалмаган кыз-келиндердин жакындарына компенсация берилет

© AP Photo / Ivan SekretarevМосквада өмүрүн өрт алган кыз-келиндердин жакындарына жардам көрсөтүү
Москвада өмүрүн өрт алган кыз-келиндердин жакындарына жардам көрсөтүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-августта Москва шаарындагы басмаканалардын биринде чыккан өрттөн 17 киши каза болсо, анын 14ү кыргызстандык жарандар болуп чыккан.

БИШКЕК, 30-сен — Sputnik. Москвада өмүрүн өрт жалмаган кыз-келиндердин жакындарына компенсация сөзсүз берилет. Бул туурасында РФтин Социалдык жактан коргоо жана эмгек министринин орун басары Алексей Черкасов журналисттерге билдирди.

Өрт Москва шаарындагы "Печатный экспресс" деп аталган басмаканада чыккан. Өрттөн 17 киши каза болсо, анын 14ү кыргызстандык жарандар экендиги анык болгон. Каза тапкандар 18-25 жаш курагындагы кыз-келиндер экендиги кийинчерээк маалымдалган. Бул кырсыктын кесепетинен 11 бала жетим калды.

"Кыргыз тараптан биздин кесиптештер иш толугу менен иликтенээрин айтышты. Алардын эмгек келишими болсо да, болбосо да жакындарына компенсация төлөнөт",— деди министрдин орун басары. Бирок каражаттын так суммасын айткан жок.

Черкасов КМШ өлкөлөрүнүн эмгек, миграция жана социалдык коргоо боюнча кезектеги кеңешмесине катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0