777ААА мамлекеттик номерин аукциондо утуп алган жеңүүчү 1,7 млн. сом төлөдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовМамлекеттик каттоо кызматынын официалдык сайтынын https://nomer.srs.kg автоунаа номери боюнча онлайн сатуу. 777ААА мамлекеттик номерин сатуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын официалдык сайтынын https://nomer.srs.kg автоунаа номери боюнча онлайн сатуу.  777ААА мамлекеттик номерин сатуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1,7 миллион сомдун 91 пайызы республикалык бюджетке кетет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 777ААА мамлекеттик номерин сатуу боюнча болгон онлайн-аукциондун жеңүүчүсү 1 миллион 716 миң сомду төлөгөнүн Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. 

© Фото / пресс-служба ГРС777ААА мамлекеттик номерин сатуу боюнча болгон онлайн-аукциондун жеңүүчүсүнө ыраазычылык катары сертификат жана белектер берилген
Сертификат на государственный регистрационный номер 777ААА - Sputnik Кыргызстан
777ААА мамлекеттик номерин сатуу боюнча болгон онлайн-аукциондун жеңүүчүсүнө ыраазычылык катары сертификат жана белектер берилген

Эскертсек, аукцион 28-сентябрда болуп, жеңүүчү мамлекеттик номерди 1 миллион 716 миң сомго сатып алган. Эми аталган сумманын 91 пайызы (1 млн. 561 миң 560 сом) республикалык бюджетке төлөнсө, 9 пайызы Мамкаттоонун алдындагы "Инфоком" мамлекеттик мекемесинде калат.

"Бул сумма 322 кишинин пенсиясын, же 111 мугалимдин айлыгын, же аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 1927 балага жөлөк пул төлөөгө жетмек", — деп Мамкаттоо кызматынан маалымдашты.

Глава Государственной регистрационной службы Тайырбек Сарпашев наблюдает за аукционом по продаже государственного номера 777ААА - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев 777ААА номеринин сатылышын кайрымдуулук катары сыпаттады
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев онлайн-аукциондун жеңүүчүсүн өлкө бюджетин толтурганы үчүн ыраазычылык билдирген.

Жеңүүчүгө ыраазычылык катары сертификат жана белектер берилген. Бул онлайн-аукциондун жүрүшүнө 20 миң киши көз салган.

Ошондой эле, бул номерди Журат Абдуллаев аттуу ишкер сатып алган деген маалыматты четке кагып, ал чындыкка коошпой турганын мекемеден билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0