Кыргызстан айдоочулуктун эл аралык стандартын түзүүнү сунуштады

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАйдоочу автомектебиндеги архивдик сүрөт
Айдоочу автомектебиндеги архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
VI эл аралык "Жол коопсуздугу коопсуз жашоо үчүн" конгрессинде сөз сүйлөгөн КРдин вице-премьери Жеңиш Разаков катышуучулардын көңүлүн айдоочуларды даярдоо жаатына бурду.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы VI эл аралык "Жол коопсуздугу коопсуз жашоо үчүн" конгрессинде сөз сүйлөгөн КРдин вице-премьери Жеңиш Разаков айдоочулуктун бирдиктүү талаптарын иштеп чыгуу сунушун айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Анын айтымында, өлкөдө унаанын көптүгүнөн улам жол кырсыгы көбөйүүдө. 

"Эл аралык аренадагы конгресстер көйгөйлөрдү аныктоо менен гана чектелбестен, аны чечүү жолдорун табууга жардам берет", — деди Разаков. 

Вице-премьер айдоочуларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин айтып, айдоочулуктун эл аралык стандартын түзүүнү сунуштады. 

Аталган конгресске КРдин ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев да катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0